ИИМ: Ири өлчөмдө баңгизат сатып жүргөн жарандар кармалды.

  • 1 месяц мурун

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Баткен районунун жашоочулары  баңгизат  сатып жүргөнү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган кызматтын кызматкерлери ыкчам тергөө жүргүзүп, баңгизат  сатып жүргөн жарандардын өздүгү такташкан. Жыйынтыгында 15-август күнү Бишкек шаарында бара жаткан “Хендай” үлгүсүндөсү унааны токтотушуп, 1973-жылы туулган Т.Ж. жана 1988-жылы туулган Ж.А.ны кармашкан. Тинтүү жүргүзүү учурунда автоунаадан полиэтилен баштыгына оролгон салмагы 1 кг 991 граммды түзгөн 4 даана “гашиш” баңгизаты алынган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282- беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына камалган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты