ИИМ башкармалыгынын экс-башчысы Рафик Мамбеталиевге иш козголду

  • 22 часа мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын экс- башчысы Рафик Мамбеталиевге кылмыш иши козголду. Ал 21-октябрга чейин үй камагына алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ал кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жатканын билдирди. Райондук сот 13-сентябрда Рафик Мамбеталиевдин бөгөт чарасын карап,  21-октябрга чейин үй камагына алды.

УКМК Мамбеталиевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын, баңги затты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп иштеген.  

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты