ИИМ: Акча опузалоого шектелип эки өспүрүм кармалды

  • 2 месяца мурун

Ошто жашы жете элек баладан опузалап акча талап кылышкан деген шек менен эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 26-июль күнү Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз балдар 15 жаштагы уулун телефон жана соцтармактар аркылуу коркутуп, 30 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, акча опузалап жаткандар Ош шаарынын 2008-жылы туулган тургуну А.М. жана Кара-Суу районунун 2008-жылы туулган тургуну С.М. экендиги такталган. Ошондой эле, жабырлануучунун «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун тартып алгандары дагы аныкталган.

«2024-жылы 29-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери талап кылган акчанын 20 миң сомун алып бара жаткан учурда А.М.ны кармашты.  Тинтүү учурунда анын жанынан адамдын денесине жаракат келтире турган атайын каражат (кастет) жана 20 000 сом акча алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мурун болгон тоноо фактысы боюнча кармалган өспүрүмдүн шериги С.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилгендиги айтылды.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгондугу жана тергөө иштери улантылып жаткандыгы белгилүү болду.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты