ИИМ: 15 жашар кыздын иши боюнча дагы төрт кыз кармалды

  • 3 недели мурун

Ички иштер министрилиги (ИИМ) Ош шаарынын 15 жаштагы тургуну кабылган зомбулук ишине байланыштуу толук маалымат берип, шектүү катары дагы төрт кыз кармалганын билдирди.

Министрликтин берген маалыматында, 23-августта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына ыкчам маалымат түшүп, анда 15-август күнү Ош шаарынын тургуну болгон 15-жаштагы кызды топ кыздар Кара-Суу районундагы каналга алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, андан кийин күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы айтылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 15-жаштагы кызды топ кыз-балдар өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтирген зомбулук көрсөтүшүп, шантаж жолу менен сойкулук кылууга мажбурлашканы белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (Сойкулук кылууга тартуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ИИМ окуянын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө кызматына алынып келингенин билдирди.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н. жана 2006-жылы туулган М.М. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты