Игорь Якуниндин өлүмү. Балдар үйүнүн жетекчисине козголгон иш сотко өттү

  • 3 месяца мурун

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн мурдагы жетекчиси Аскар Масыловго козголгон кылмыш иш Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна өттү.

Бул тууралуу балдар үйүнүн каза болгон тарбиялануучусу Игорь Якуниндин тарбиячысы Петр Абраменко 24.kg агенттигине билдирди.

“Шалаакылык” беренеси боюнча (кылмыш жаза кодексинин 348-бер.2-бөл.) “кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон кызмат адамын аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу” кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тергөөчүлөр жана прокурорлор менен үч жыл күрөшкөндөн кийин Игорь Якуниндин өлүмүнө алып келген иш акыры сотко өттү” деп билдирди ал.

Сот отуруму 1-июлда болот.

Игорь Якунин 2021-жылдын 1-июнунда каза болгон. Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү тууралуу “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирген.

Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча, бала өзүнөн улуу өспүрүм тарабынан токмок жеп каза болгон. Аталган фактыны жашырышкан. Акыйкатчы мекеменин жетекчисин иштен четтетүүнү талап кылган. Каза болгон баланын агасы Богдан Якунин өлкө башчысына видеокайрылуу жасап, балдар үйүндө каза болгон инисинин өлүмү боюнча ишти көзөмөлгө алууну өтүнгөн.

Бир канча убакыттан кийин бул окуя унутулуп калган. Игорду токмоктогон өспүрүмгө карата “Ден соолукка оор залал келтирүү менен кокустуктан адам өлүмүнө алып келүү” жана “Бейбаштык” беренелери боюнча бир гана иш сотко өткөндүгү белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты