Хорватияда карылар үйүндөгү кол салуудан кеминде алты өмүр кыйылды

  • 2 месяца мурун

Хорватияда карылар үйүндөгү куралдуу кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды.

Окуя 22-июлда эртең менен өлкөнүн түштүк аймагындагы Даруваре шаарында болду. Кол салууга шектүү киши кармалды. Каза болгондор арасында анын апасы бар экенин жергиликтүү полиция маалымдады.

Кол салган киши мекеменин ичине тапанча менен кирип барып, апасына жана башка адамдарга, кызматкерлерге ок чыгарган. Беш киши ошол жерден, алтынчысы ооруканадан көз жумду. Каза тапкандардын орточо курагы 90 жаш экенин Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленковичке таянып Večernji list гезити жазды.

Каза тапкандар мындан да көп болушу ыктымал экени, анткени бир нече киши азыр ооруканада жатканы, экөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышканы маалымдалды.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты