ХАМАС Тель-Авивдеги жардырууга тиешеси бар экенин билдирди

  • 4 недели мурун

Палестиналык «Ислам жихады» жана ХАМАС радикал топтору жекшемби күнү Тель-Авивдеги синагоганын жанында болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты.

ХАМАС тобу АКШда жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдө террордук уюм деп табылган.

Полициянын маалыматына караганда, жекшемби күнкү жардырууда бомбаны алып жүргөн киши өлүп, көчөдө өтүп бара жаткан бир адам жаракат алган.

Израилдин коопсуздук кызматы бул окуяны теракт деп мүнөздөп, учурда террорчунун тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Азырынча анын 50 жаштагы эркек болгону гана белгилүү.

«Ислам жихады» менен ХАМАС Израилдин «адамдарды жапырт өлтүрүү боюнча оккупациялык саясат токтомоюнча», өздөрүнүн «шейиттик операцияларын» уланта беришерин билдиришти.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты