Грузия парламентинин төрагасы ЛГБТны чектеген мыйзамга кол койду

  • 3 дня мурун

Грузиянын парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили “Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана жашы жете электерди коргоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Рустави 2” телеканалы билдирди.  

2-октябрда Грузиянын президенти Саломе Зуравишвили мыйзамга вето койгон. Грузиянын биринчи каналы белгилегендей, мындай учурда документке парламенттин спикери кол коюшу керек.

Мыйзамды парламентке “Грузин кыялы” партиясы киргизген. Аны үчүнчү окууда 84 депутат колдогон, оппозиция өкүлдөрү добуш берүүгө катышкан эмес.  

Мыйзам бир жыныстуу адамдарга никеге турууга, аларга бала асырап алууга, трансгендерликке өтүүгө жана дарыгерлерге трансгендерликке өтүү операцияларын жасоого тыюу салынат, ЛГБТны үгүттөөгө да тыюу салынат.

Сүрөттө: Парламент спикери Шалва Папуашвили. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты