Глазгодо 200 өлкөнүн катышуусундагы климаттык саммит ачылды
- 3 года мурун
Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 конференциясы башталды.
Анда 200 өлкөдөн барган 25 миң делегат дээрлик эки жума бою планетаны температуранын глобалдык ысышынан сактоо маселесин талкуулашат.
Глазгодогу жолугушуунун негизги максаты — 2015-жылы кол коюлган Климат боюнча Париж келишиминин аткарылышынын алгачкы жыйынтыктарын чыгаруу.
Эксперттердин баамында, пандемиядан улам бир жылга жылдырылган саммит дүйнөлүк өнөр-жай державалары үчүн глобалдык ысуу процессин ооздуктоо чараларын макулдашууга акыркы мүмкүнчүлүк болуп калышы ыктымал.
Саммиттин алгачкы күндөрү «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жеке жолугушуулары пландалган. Алар бөлүнүп чыккан парник газын азайтуу, кайра калыбына келтирүү энергиясынын өндүрүшүн күчөтүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн жакыр өлкөлөргө каражат бөлүп берүү боюнча Париж келишиминин негизги пункттары канчалык деңгээлде аткарылганын талкуулашат.
БУУнун курамына кирген Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун Глазгодогу саммитке карата даярдаган баяндамасына ылайык, 2015-жылдан 2021-жылга чейинки аралык — климатка байкоо салына баштагандан берки тарыхтагы эң ысык учур болуп калышы мүмкүн. Баяндамада парник газынын бөлүнүп чыгышынан улам температуранын глобалдык ысышы «азыркы жана келечектеги муундар үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгү» жазылган.
Бирок көптөгөн эксперттердин баамында, дүйнөлүк лидерлер бул жолу бир пикирге келе алышпайт жана максаттарына жетишпейт. Анткени абаны эң көп булгаган төрт өлкөнүн үчөө – Кытай, Орусия жана Индия – парник газдарын бөлүп чыгарууну 2050-жылга карата нөлгө түшүрүүнү колдобой келишет. Орусия менен Кытай 2060-жылга карата нөлгө түшүрүүгө ниеттенип жатса, Индия азырынча бул боюнча өз позициясын билдире элек.
Сүрөт: Reuters.