Германиялыктарды адистер миграциясы кызыктырат. Президент Жапаров Олаф Шольц менен жолугушту

  • 2 дня мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Астана шаарында Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта белгилендей, кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт. Өз кезегинде кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр.

Канцлер Олаф Шольц Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин канааттануу менен белгиледи.

Олаф Шольц эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгилеп, бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири –немис ишканаларын абдан кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты