Германиядагы ири химзаводдо жарылуу болуп, 14 киши жаракат алды

  • 2 месяца мурун

Германиянын Людвигсхафен шаарындагы BASF аттуу ири химиялык заводдо жарылуу болуп, 14 киши жаракат алды. Бул тууралуу Bild басылмасы кабарлады.

Учурда жарылуунун себептери такталууда. SWR басылмасы жабыркагандар жеңил жаракат алып, аларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөнүн жазды.

Заводдун аймагындагы өрт өчүрүлүп, экологиялык кызматтын өкүлдөрү абанын көрсөткүчүн өлчөп жатышат.

Алгач жарылуудан улам абага газ жайылганы кабарланып, жакын жердеги калктуу конуштардын жашоочуларына терезелерин ачпоо сунушу берилген. Кийинчерээк BASF компаниясы тургундар үчүн эч кандай коркунуч жок экенин билдирди.

Май айынын башында Берлиндеги Diehl Metal Applications цехинде өрт чыккан. Анда жалын имараттын төрт кабатына тең жайылып, айрым жерлеринде шыптар урап түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү имаратта кооптуу химиялык заттар сакталганын билдирген. Анда эч ким жабыркаган эмес.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты