Германияда кармалган 15 жаштагы өспүрүмдүн тек-жайы такталууда

  • 3 недели мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Золинген шаарындагы кол салууга байланыштуу 15 жаштагы кыргыз жараны кармалганы тууралуу немис медиасы жарыялаган маалыматтарга комментарий берди.

«Каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Муну менен катар учурда кармалган 15 жаштагы жаш жигиттин тек-жайы жана анын Кыргызстандын жараны болушу мүмкүндүгү такталып жатат» деп айтылат жекшембинин кечинде элчиликтин «Фейсбуктагы» баракчасындагы жарыялаган билдирүүдө.

23-августтун кечинде Германиянын батышындагы Золинген шаарынын 650 жылдык мааракесине арналган фестивалдын катышуучуларына белгисиз адам бычак менен кол салган. Андан үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган. Bild басылмасы кол салган адам изин жашырып кеткенин жазган.

Ишемби күнү немис полициясы Золингендеги окуяга байланыштуу 15 жаштагы баланы кармаган. Өспүрүм «негизги шектүү менен сүйлөшкөн жана анын ниети тууралуу полиция маалымат берген эмес» деп шектелип жатат.

Spiegel басылмасы бул өспүрүм качкындар жайында баш калкалаган кыргыз жараны экенин жазган. Бирок бул маалыматты немис өкмөтү да, Кыргызстандын бийлиги да ырастай элек.

Жекшемби күнү немис бийлиги Золингендеги кандуу кол салууга жооптуу экенин айткан негизги шектүү, 26 жаштагы сириялык качкын полицияга багынып бергенин билдирди. The Associated Press жаңылыктар агенттиги жазгандай, полицияга өзү келген сириялык жаран буга чейин немис өкмөтүнөн баш калка сураган.

Ишембиде «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Золингендеги кол салууга жоопкерчилик ала турганын жарыялаган. Бирок бул топ өз билдирүүсүн бышыктай турган эч кандай далилдерди көрсөткөн жок.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты