Германия: Золингендеги кол салуу боюнча кармалган кыргызстандык өспүрүм бошотулганы маалым болду

  • 2 недели мурун

Германиянын Золинген шаарында 23-августтагы кол салуудан кийин кармалган кыргызстандык өспүрүм эркиндикке кое берилди. Бул тууралуу 29-августта Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги билдирди.

Дипломатиялык мекеме тараткан билдирүүдө «15 жаштагы Кыргызстандын жараны 24-августта кармалып, 25-августта бошотулганы», учурда ал эркиндикте экени белгиленет.

Ошондой эле элчилик өспүрүм же анын жакындары укуктарын коргоп берүүнү суранып кайрылбаганын кошумчалады.

23-августтун кечинде Золинген шаарында фестивалга чогулгандарга белгисиз адам бычак менен кол салган. Анда үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган. Кылмышка шектүү 26 жаштагы сириялык качкын полицияга ошол эле күнү багынып бергени маалым болгон. Немис басылмалары шектүү Германияга 2022-жылдын аягында келгенин жазышкан.

Андан тышкары окуяга байланыштуу 15 жаштагы өспүрүм кармалганы кабарланган. Ал «шектүү менен сүйлөшкөн жана анын ниети тууралуу полицияга маалымат берген эмес» деп шек саналып жатканын, качкындар жатаканасында жашаган кыргызстандык экенин немис медиасы кабарлаган.

Өспүрүмдүн тек-жайы, Германияда эмне кылып жүргөнү азырынча белгисиз.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты