Германия канцлери Олаф Шольц Өзбекстанга барды

  • 3 дня мурун

Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц 15-сентябрда Өзбекстанга 22 жылдан бери биринчи жолу расмий сапар менен барды. Аны Самарканд аэропортунан вице-премьер-министр Жамшид Хожаев тосуп алды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болсо даражалуу мейманды Регистан аянтында күтүп алды.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, канцлерге бул комплекстин курулушунун тарыхый фактылары, архитектуралык чечимдердин жана жасалгалардын өзгөчөлүктөрү, бул жерге байланыштуу маанилүү окуялар жана инсандар, ошондой эле өзбек элинин маданий мурастары тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Германиянын канцлерин расмий тосуп алуу аземи болду.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Олаф Шольц алгачкы сапарларын Казакстан менен Өзбекстанга жасайт, анткени Берлин Орусиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу жаңы базарларды, энергия булактарын жана пайдалуу кен байлыктарын издеп жатат. Немис басылмаларынын маалыматына караганда, Германия Өзбекстан менен миграциялык келишим түзүүнү пландоодо.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты