Газага жасалган аба соккуларынан ондогон палестиналыктын өмүрү кыйылды

  • 2 месяца мурун

Израил аскерлеринин шейшемби күнү Газа тилкесинин бир нече бөлүгүнө жасаган аба соккуларынан бери дегенде эле 57 кишинин өмүрү кыйылды.

Бул тууралуу Reuters агенттиги аймактын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо башкармалыгына шилтеме кылып кабарлады.

АКШда жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө террордук уюм деп табылган ХАМАС тобу Израил тилкеге сокку уруу менен ок атууну токтотуу боюнча араб өлкөлөрүнүн жана АКШнын аракеттерин жокко чыгарууга аракет кылып жатат деп айыптады. Өз кезегинде Израил Газаны жихадчылардан тазалоо аракетин көрүп жатканын билдирди.

Палестин дарыгерлери Газа тилкесинин түштүк чек арасына жакын жайгашкан Рафах шаарына жасалган аба соккусунан беш палестиналык каза болгонун билдирди. Рафахтан алыс эмес жердеги Хан-Юнис шаарында соккулардан эки бала жана алардын ата-энеси каза тапкан.

Кийинчерээк Израилдин автобуска урган аба соккусунан кеминде 17 палестиналык каза таап, дагы 26 киши жаракат алганы кабарланды. Бул тууралуу Газанын түштүгүндөгү ХАМАС көзөмөлдөгөн медициналык кызматтардын булактары билдиришти.

Израилдин соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүгү АКШ, Египет жана Катар мамлекеттеринин өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып жатышканы кабарланган учурда болду.

Газадагы азыркы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ал күнү 1200дөй киши өлтүрүлүп, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, андан бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда. Өз кезегинде Израил антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кылмайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө.

Сүрөттө: Газанын борбордук бөлүгүнө жасалган соккулардын кесепети. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты