Гүлкан Молдобекова иш бөлмөсүн тинтүү жардамчысына байланыштуу болгонун билдирди

  • 7 дней мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова 12-сентябрда парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынды деген маалыматка байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берди.

Ал Өзбекстанда иш сапарда экенин, тинтүү жардамчысына байланыштуу жүргүзүлгөнүн айтты.

«Менин иш бөлмөмө кирбептир. Жардамчымдын өзүнүн иштери бар экен, ошого байланыштуу кармап кетти деген маалымат алдым. Бирөө практикада жүргөн эле, ага кол дагы кое элек болчумун. Документ жасалмалоого байланыштуу дегенди гана уктум. Мурда 6-чакырылышта бул бала машине айдап жүргөн, 7-чакырылышта мен жардамчы кылып алгам. Азыр Өзбекстандамын, мен дагы кабарлардан көрүп нес болуп калдым. Өзү менен байланышкан жокмун. Менин иш бөлмөм ачылбаптыр, кабылдамадан эле аны алып кетиптир» деди Молдобекова.

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын кабинетинде күч кызматкерлери депутаттын кабинетинде тинтүү жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалган.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» фракциясынын төрагасы Жанарбек Акаев депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы Молдобековага тиешелүү эмес экенин билдирген:

«Бүт маалымат каражаттарында «Альянс» фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүн тинтүү болуп жатат деген маалыматтар чыгып кетти. Ал такыр башка маселе боюнча, Молдобекова боюнча эч маселе жок. Өзү болсо төрага менен Өзбекстанда расмий иш сапарда жүрөт».

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты