Футболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камалды

  • 3 недели мурун

“Мурас Юнайтед” футболдук клубунун мурдагы оюнчусу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-августта чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттун маалыматы боюнча, спортчуну камакка алуу өтүнүчүн судьяга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Ага кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен айып тагылууда.

Кыргыз футбол биримдиги Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү бардык ишмердүүлүктөн беш жылга четтеткендигин 26-августта жарыялаган. Ага ушул жылдын 15-августунда Бишкектеги “Сельмаш” стадионунда команданын машыгуусу учурунда “Мурас Юнайтед” клубунун оюнчусу Евгений Терси менен мушташып кеткени негиз болгон. Мушташтан клубдун чет элдик оюнчусу Евгений Терсинин жаагы сынган. Бул окуядан кийин клуб Мирбек Ахматалиев менен эмгек келишимин токтоткон.

Ушундан улам клубдун машыктыруучулар штабы жана спорт директору иштен алынган.

Атайын кызмат да, Мирбек Ахматалиевдин жакындары да спортчунун кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 30 жаштагы чабуулчу Мирбек Ахматалиев “Мурас Юнайтед” футболдук клубу менен быйыл 6-июлда ушул жылдын аягына чейин келишим түзгөн. Кыргызстандын улуттук курама командасында жети оюн өткөргөн.

Жалал-Абад шаарынын “Мурас Юнайтед” клубу 2023-жылы негизделген.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты