Футбол: Өзбекстан курама командасы 3:2 эсебинде Кыргызстан командасын жеңди

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан-Өзбекстан футбол командаларынын беттеши болду. Өзбекстандын курама командасы 3:2 эсебинде Кыргызстандын курама командасын жеңип алды.

Беттеш Кыргызстан жана Өзбекстандын улуттук курама командаларынын арасында 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү раундунун алкагында өттү.   

Футболдук беттештин биринчи бөлүгү 2:2 менен аяктады.

Күйөрмандар менен катар футболдук беттешке президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер Кыргызстан курама командасын колдоо үчүн барышты.

Ал эми беттештин акыры 3:2 эсебинде өзбекстандык курама команданын жеңиши менен аяктады.

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты