Футбол: Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия кубогуна жолдомо алды

  • 6 дней мурун

Бүгүн, 29-сентябрда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2025-жылы өтө турган Азия кубогунун U-20 жаштар командасы арасында тандоо турундагы мелдеште Кыргызстандын курама командасы Жапония командасы менен ойноду. Мелдеш 1:1 менен эсеби менен аяктады.

Кыргызстан командасы экинчи орунду ээлеп, Азия кубогуна жолдомо алды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Кыргызстандын жаштар курама командасы Мьянманы 2:0, Түркмөнстанды 1:0 эсеби менен уткан.

Тандоо турунда 10 топко бөлүнгөн 45 команда ойнойт.

Жапон командасы биринчи орунда, Кыргызстан командасы экинчи, Түркмөнстан үчүнчү орунду ээледи.

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты