Франциянын соту Павел Дуровду бошотту

  • 3 недели мурун

Франциянын соту Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровду 5 млн евро күрөө менен бошотуп, анын ишин расмий иликтөөнү баштады. Бул тууралуу BBC «Reuters» басылмасына таянып жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Дуров бул арада аптасына эки жолу полицияга көрүнүп кетип турушу керек жана Франциядан чыгып кетпеши керек.

«Шаршемби күнү кечинде Дуров сот имаратынан жалгыз чыгып, жеке унаасы менен кетти»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан 4 күн мурун Павел Дуров Францияда кармалган эле. Париж прокуратурасы Telegram’дын негиздөөчүсүн 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген. Алардын арасында киберкылмыштуулук, акча адалдоо жана криптологиялык жабдууларды алдан ала декларациядан өткөрбөй импорттоо кылмыштары бар.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты