Франция: Олимпиада учурунда «абалды туруксуздаштырууга даярдык көргөн» орус жараны кармалды

  • 2 месяца мурун

Парижде 26-июлда ачыла турган жайкы Олимпиада оюндары учурунда «абалды туруксуздаштырууга алып келе турган аракеттерге даярдык көргөн» деген шек менен Орусиянын 40 жаштагы жараны кармалды.

Бул тууралуу AFP агенттиги француз прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.

23-июлда ага «Францияда жек көрүүчүлүктү жаратуу максатында чет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чалгындоо ишмердүүлүгү менен алектенүү» айыбы тагылды. Ал күнөөлүү деп табылса 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Le Parisien басылмасынын маалыматына караганда, Франция ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы орус жаранын бир нече күн бою аңдып жүрүп, 21-июлда кармаган.

Басылманын тергөөгө жакын булагы белгилегендей, анда «шектүү Олимпиада учурунда Францияда туруксуздук жаратуу боюнча орусиячыл операцияга даярдык көргөн» деп болжолдоого негиз берген элементтер табылган. Дагы бир булак кесепеттери «олуттуу» болушу мүмкүн болгон «масштабдуу долбоор» жөнүндө маалымдады.

AFP агенттиги бийлик ыктымал «туруксуздаштыруу» боюнча кеңири маалымат бербегенин, иш террористтик мүнөзгө ээ болбогондуктан, терроризмге каршы күрөшүү адистери аны менен алектенбегенин жазды.

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен «чет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ыктымал кийлигишүүгө» шектелген миңге жакын киши Олимпиадага киргизилбегенин билдирди.

Буга чейин Франция Орусиядан, Беларустан жана башка мамлекеттерден барган 100гө жакын кишини «тыңчылык» жана «киберчабуул» тобокелдигине байланыштуу өлкөгө киргизген эмес. Алар Олимпиада оюндарына журналист, физиотерапевт жана техникалык персонал катары барууга ниеттенишкен.

XXXIII жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Сүрөт: USA TODAY Sports/Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты