Франция: Министрлер кабинети жаңы өкмөт дайындалганча техникалык функцияларын гана аткарып турат

  • 2 месяца мурун

Франциянын президенти Эммануэл Макрон премьер-министр Габриэл Атталдын өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды. Эми министрлер кабинети жаңы өкмөт дайындалганга чейин техникалык гана функцияларын аткарып турат.

AFP агенттиги белгилегендей, француз саясатчылары июлдун башында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин туңгуюукка кептелди. Улуттук жыйындагы партиялар башкаруучу коалицияны түзүүгө жигердүү аракеттерди көрүүдө, бирок азырынча Атталдын ордуна ким премьер-министр болору дале белгисиз бойдон калууда.

Францияда 7-июлда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгында президентти жактаган, өзөгүн Макрон менен Атталдын партиясы түзгөн «Республика үчүн бирге» коалициясы экинчи орунду ээлеп, парламенттеги 168 орунду алган.

Биринчи орунду парламенттеги 182 орунга ээ болгон солчул партиялардын «Жаңы элдик фронт» коалициясы, үчүнчүнү 143 орунга ээ болгон ашынган оңчул «Улуттук биримдик» деген партия алган.
Францияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо июнь айынын башында өткөн Европарламентке шайлоодо өлкөдөгү ашынган оңчулдар ийгиликке жетишкенден кийин дайындалган.

Макрон шайлоодон кийин Атталга кайрылып, ушул айдын соңунда баштала турган Олимпиаданын ачылышын утурлай коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматында убактылуу калууну өтүнгөн.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты