Flajump спорт комллексиндеги окуяга шектүү кармалганы кабарланды

  • 3 месяца мурун

Бишкектин четиндеги Чуңкурчак капчыгайындагы Flajump спорт комллексинде болгон кырсыкка шектүү катары 28 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аскадан секирүү учурунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү») менен кылмыш ишин козгогон. Буга иш тууралуу топтолгон материалдар жана маркумдун жакындарынын арызы негиз болгон. Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

6-июль күнү Чуңкурчак капчыгайындагы Flajump спорт комллексинде 25 метр бийиктиктеги аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон. Окуя саат 13:30 чамасында катталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты