Финансы министри Алмаз Бакетаев окуу китептерин чыгарууга 8 млрд сом керек экенин айтты  

  • 6 дней мурун

Бүгүн, 30-сентябрда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету жактырылды.

Депутат Жылдыз Садырбаева окуу китептерин чыгаруу үчүн жетиштүү каражат бөлүү зарылдыгын белгиледи. Финансы министри Алмаз Бакетаев бул максатта жалпысынан 8 млрд сом керек экенин айтты.

«Бул өтө чоң сумма. Андыктан, биз мектептерди этап-этабы менен окуу китептери менен камсыз кылууга аракет кылып, ошону менен бирге электрондук китептерди, планшеттерди колдонуу сыяктуу альтернативдүү ыкмаларды киргизүүнү карап жатабыз» деди.

Депутат Марат Мураталиев мектеп ашпозчуларынын жана техникалык кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну сунуштады. Депутат Советбек Рустамбек уулу да мектептердин күзөтчүлөрүнүн жана башка техникалык кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесине токтолду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты