Евробиримдик Грузия менен интеграция процессин убактылуу токтотту

  • 2 месяца мурун

Европа биримдиги (ЕБ) Грузия менен интеграция процессин убактылуу токтотту.

Бул тууралуу ЕБдин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский биримдиктин кеңейишине арналган Тблисидеги эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы грузин өкмөтүнүн ниети Евробиримдиктин лидерлерине түшүнүксүз. Ал Грузияда жакында эле кабыл алынган «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзамды «башка жетишкендиктердин фонунда артка жасалган кадам» деп атады.

«Ошондой эле батышка жана Европага каршы риторика ЕБге кирүү боюнча жарыяланган максаттарга таптакыр туура келбейт. Интеграция процессинин токтошу – өкүнүчтүү жана кайгылуу» деди Герчинский.

Элчинин айтымында, Евробиримдик Грузиянын коргонуу тармагын колдоо үчүн бөлүнгөн 30 миллион еврону камакка алды. 

«Бул алгачкы гана кадам. Грузиянын ЕБге кириши боюнча иштер быйыл октябрда өтө турган парламенттик шайлоодон кийин кайра уланат деген үмүттөмүн» деди Герчинский.

Грузия Евробиримдикке талапкер макамын 2023-жылы декабрда алган. Бир нече айдан кийин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы Орусиянын «чет элдик агенттер» мыйзамынын көчүрмөсү деп сынга алынган «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин талкуусуна алып чыккан. Бул документке каршы өлкөдө бир нече ай миңдеген адам катышкан нааразылык акциялар өткөн. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили мыйзам долбооруна вето койгон.

Буга чейин Евробиримдикке мүчө өлкөлөр менен АКШ грузин бийлигин бул мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан. Документ кабыл алынгандан кийин ЕБге мүчө бир нече өлкө грузин жарандары үчүн визасыз режимди жокко чыгарууну сунушташкан. АКШ болсо Грузиядагы «демократияны талкалоого жооптуу адамдарга каршы» санкцияларды салган.

Жаңы мыйзамга ылайык, августтан тарта каржылануусунун 20% сырттан болгон жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен бейөкмөт уюмдар чет өлкөлүк күчтөрдүн кызыкчылыктарын сүрөгөн уюм катары каттоодон өтө башташы керек. «Кавказ жаңырыгы» белгилегендей, Грузиядагы онлайн ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын дээрлик көпчүлүгү Батыштын фонддорунан каржыланып иштешет.

Мыйзам долбоорунун авторлору документте репрессиялык чаралар жок экенин, ал коммерциялык эмес тармактагы ачыктык үчүн керек экенин билдирип жатышат. Алардын айтымында, документтеги нормалар америкалык жана орусиялык мыйзамдардан алынган.

Оппозиция мыйзам долбоору жарандык коомго каршы репрессияларды мыйзамдаштырып, Грузияны Батыштан алыстатып, Орусиянын «карамагына өтүүсүнө» алып келет деп эсептөөдө.

Сүрөттө: Павел Герчинский. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты