Эсеп палатасы: Билим берүү министрлигинде 320 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Эсеп палатасы Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу уюмдардын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүздү.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 320 млн 636,3 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 308 млн 863,3 миң сомду түзгөн.

Тактап айтканда, эмгек акыга 87 млн 665,5 миң сом негизсиз төлөнгөнү, 7 млн 724,7 миң сом өлчөмүндө материалдык баалуулуктар жана каражаттар негизсиз эсептен чыгарылганы аныкталган.

Ошондой эле:

— негизсиз иш сапардык чыгымдар 134,1 миң сомду түзгөн;

— атайын каражаттарды казынадан тышкары пайдалануулар 6 млн 689,2 миң сомду түздү;

— курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 4 млн 717,9 миң сомду түздү;

— бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 48 млн 417,5 миң сомду түздү;

— жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 47 млн 747,5 миң сомду түзөт;

— башка деңгээлдеги бюджеттерде турган уюмдарга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 105 млн 766,9 миң сомду түздү, анын ичинен: 2021-жыл ичинде республикалык бюджеттен “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренеси боюнча 85 млн 120,4 миң сом жана борборлоштурулган иш-чараларынын эсебинен билим берүү уюмдарынын интернет байланышы үчүн 20 млн 646,5 миң сом чыгымдалган.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 819 млн 73,8 миң сомду түздү, анын ичинен 106 млн 480,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 100 млн 286,5 миң сому ордуна коюлган, 6 млн 193,8 миң сом ордуна коюлуусу керек.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 158 млн 720,6 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен: 122 млн 864,6 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 6 млн 959,6 миң сом, 115 млн 905 миң сом ордуна коюлуу керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты