Эркин Мамбеталиевдин тууганы “Береке” базарын тартып алууга шектелүүдө  

  • 1 месяц мурун

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин туугандары рейдерлик жол менен “Береке” базарын тартып алууга шектелип кармалды.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматы боюнча,  иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда кармалган Ы.М. аттуу жаран, Ж.Ы. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, Эркин Мамбеталиев менен туугандык байланышы болуп, «Дордой» соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан «Береке» базарын мыйзамсыз тартып алышкан.

Аталган адамдар Н.Ж. аттуу жаранды, эгер ал базарды талап кылууну токтотпосо же укук коргоо органдарына кайрылса, зомбулук көрсөтөм деп коркутушкан.

Ошондой эле базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшалганы аныкталды.

 Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, чогултулган материалдардын негизинде Ж.Ы. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Бишкекте мындан бирнече күн мурда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кармалганы тууралуу маалыматтар ЖМКга жарыяланган.

Маалыматта айтылгандай, 8-августта Бишкектин Гоголь көчөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 2004-жылы киши өлтүрүү боюнча соттолгон, кийин 2005-жылы акталган Эркин Мамбеталиевди кармашкан. Аны кармоо учурундагы видеолор соц.тармактарга чыкты.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кримтөбөл Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Уюшкан топко катышуу) негизинде камалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, Эркин Мамбеталиев Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин (Асанбек) криминалдык чөйрөсүндөгү байланыштарын жана алардын өзгөчө таасиринен пайдаланып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдап келген. «Көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон» деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы толугу менен алынып, 4 млн.АКШ долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталганы айтылды.

Эркин Мамбеталиев учурда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жана тергөө жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Сүрөттө: Эркин Мамбеталиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты