Эркин Мамбеталиевдин мүлкү мамлекетке өттү

  • 2 недели мурун

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен алынган 5,7 млн долларга бааланган мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

УКМКнын маалыматында, өткөрүлгөн мүлктөдүн арасында Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкектеги үч жана эки бөлмөлүү батирлер, Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү унаалар, үч гидроцикл жана үч квадроцикл, ошондой эле кийиз боз үй бар.

Өткөрүлгөн мүлктүн жалпы баасы 5 миллион 716 миң 307 долларды түзүп, 489 миллион 886 миң сомго барабар экендиги айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты