Эркин Мамбеталиевдин кармалуусу боюнча УКМК түшүндүрмө берди

  • 1 месяц мурун

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кримтөбөл Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Уюшкан топко катышуу) негизинде камалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, Эркин Мамбеталиев Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин (Асанбек) криминалдык чөйрөсүндөгү байланыштарын жана алардын өзгөчө таасиринен пайдаланып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдап келген. «Көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон»,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы толугу менен алынып, 4 млн.АКШ долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталганы айтылды.

Эркин Мамбеталиев учурда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жана тергөө жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты