Эркин Мамбеталиевдин кармалгандыгы айтылды

  • 1 месяц мурун

Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кармалганы тууралуу «Kaktus.media» күч органдарына шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 8-августта Бишкектин Гоголь көчөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 2004-жылы киши өлтүрүү боюнча соттолгон, кийин 2005-жылы акталган Эркин Мамбеталиевди кармашкан. Аны кармоо учурундагы видеолор соц.тармактарга чыкты.

«Булактарынын айтымында, ал камактан чыккандан кийин Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгон деп шектелүүдө»,-деп жазылган медианын маалыматында.

Сүрөт: интернет булактары.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты