Эркин Мамбеталиев камакта калтырылды

  • 5 дней мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев Каракол шаардык сотунун чечими менен 5-декабрга чейин камакта калтырылды.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен алынган 5,7 млн долларга бааланган мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматында, өткөрүлгөн мүлктөрдүн арасында Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкектеги үч жана эки бөлмөлүү батирлер, Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү унаалар, үч гидроцикл жана үч квадроцикл, ошондой эле кийиз боз үй бар.

Өткөрүлгөн мүлктүн жалпы баасы 5 миллион 716 миң 307 долларды түзүп, 489 миллион 886 миң сомго барабар экендиги айтылды.

Эркин Мамбеталиевдин кримтөбөл Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Уюшкан топко катышуу) негизинде камалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты