Эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр чемпионатында кыргызстандыктар үч алтын жана коло медаль алды

  • 3 недели мурун

Кыргызстандык 17 жашка чейинки спортчулар Курсантбек Исаков, Өмүрбек Асан уулу жана Рустамжан Кахаров эркин күрөш боюнча U-17 дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр чемпионатында кыргызстандыктар үч алтын жана коло медаль алды
65kg FS — Rustamzhan Kakharov (KGZ)

Өмүрбек Асан уулу америкалык Жордин Пор Рэнини жеңгенден кийин, атаандашы жаракат алып, араң турганда, аны замбилге чейин көтөрүп жеткиргенин Бириккен күрөш уюму белгиледи.

Эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр чемпионатында кыргызстандыктар үч алтын жана коло медаль алды

Командалык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандыктар үч алтын жана коло медаль жеңип алышты. Коло медалга Марлен Абдраимов татыктуу болду.

Мелдеш Иорданиянын Амман шаарында 19-августтан 25-августка чейин өттү. Ага 33 өлкөдөн 250 спортчу катышты.   

Баш сүрөттө:  Курсантбек Исаков.

Сүрөттөр: UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты