“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн масштабы боюнча 2019-жылы изилдөө жасаган. Анда көптөгөн аялдар үчүн жыныстык асылуу бул чыныгы жараат, андан кийин алар өздөрүн коопсуз сезе албай калышары белгиленген.

Биз бул жолу “Жетишет” аттуу фотодолбоордо сексуалдык ыдыкка кабылган жана зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын окуясын баяндайбыз. 

Кыргызстанда кыздар күн сайын көчөдөн, сабактан же жумуш убагында харассментке анын ичинен өзгөчө сексуалдык ыдык мамилеге кабылып келишет. Ал тургай зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздар да аз эмес. Алардын бири Айгүл. (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) Айгүл зордуктоо аракетине кабылганын эч кимге айткан эмес. Анткени аны коом эле эмес, анын эң жакын адамдары дагы “өзүң күнөөлүсүң” деп айыпташат деп ойлойт.   

Айгүл анда болгону 19 жашта эле. Өтө шайыр, ачык мүнөздөгү Айгүл алдыда аны жакшылыктар гана күтүп турат деп ойлочу. Башка бирөөлөр тууралуу эч жаман ою жок, жан дүйнөсү таза кыздын бул окуядан кийин жашоосу таптакыр башка нукка бурулган.

“Ээн таалаага машинасын токтотуп, ичинен бекитип салды”

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

«Нарындан Бишкеке келгени бир машинага отургам, ошол машинадан жолдо келе жатып таанышып калдык. Алгач, жакшынакай бала сезилген. Сүйлөгөн сөзү орундуу, келишимдүү да көрүнгөн. Анан номер алмашып, шаардан дагы жолукмай болдук. Ал убакта аны сыртынан көрүп, андай бала деп эч жаман ойлогон эмесмин. Жарым жыл бою, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакыттын ичинде бир-эки жолу эле жолуктук. Анткени ал Нарында, мен Бишкекте жашачумун. Бир күнү шаарга келгенин айтты. Жолуктук. Мени жумуштан үйгө жеткизмей болгон. Мен Бишкектин четинде жашайм. Ошондон пайдалангысы келдиби, билбейм. Үйгө барчу ээн таалаа жактан унаасын токтотуп, машинаны ичинен бекитип койду. “Эмне болду?” десем, “Кичине сүйлөшүп отуралычы” деди. Мен оюмда жаман нерсе жок эле макул болдум. Анан бир аздан кийин бутумду өзүнө тартып, кармалап кирди. “Эмне кылып атасың?” деп кыйкырсам  өпкүлөп, колдоруман катуу кармап туруп, машинанын отургучун ылдый түшүрдү дагы үстүмө чыгып алды».

Кыйкырып, каршылык көрсөтүп, жардам сурап жаткан Айгүлдүн үнү эч кимге жеткен эмес. Кыз кыйкырган сайын жигит өзүнүн физикалык күчүнө салып, Айгүлдүн колдорун катуу кармап, толгой берген.

“Ал аябай күчтүү экен”

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

«Мен кыйкырып баштадым. Кыйкырып, жардамга бирөөлөрдү чакырганымда ал дем алдырбай, оозумду бир колу менен жаап, колдорумду толгоду. Анан бир колу менен шымымды шыпырды. Ал аябай күчтүү экен. Мен ошол жерден коркконуман өзүмдү жоготуп жибердим. Калтырап, титиреп эле ыйлай бердим. Бир маалда футболкамды да чечип, болгон дене мүчөлөрүмдү кармагылап баштады. Анан ички кийимимди да чечти. Мен өзүмдү аябай жаман сездим».

Учурда Айгүл бул окуяны айтып берип жатып да ыйлап жатты. Айгүлдүн айтымында, анын “астмасы” бар.  Ошол күнү анын “астма” оорусу кармаган. 

“Коркконунан калтырап, титиреп, өзүмдү жоготуп койдум”

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

«Мен негизи көп ооруйм. “Астма” деген да оорум бар. Ошондонбу билбейм, айтоор тиги баланын кылган кылыктарынан коркуп, калтырап, титиреп, көзүм аңтарылып, караңгылады. Дем жетпей, астмам кармады. Эс учумду жогото баштагам. Тигил бала менин титиреп, калчылдап, дем ала албай калганымды көрүп, коркуп кетиптир. Бетимди  чапкылып, суу чачып эсиме келтире салды. Көп убакытка чейин өзүмө келе албай шок болуп, титиреп денемдин калтыраганын токтото албай отура бердим. Тиги бала: “Оорум бар деп, айтып койбойсуңбу!” деп мага бир тийген. Анан ал менин акыбалымды көрүп, машинасын айдап үйгө жеткизип качты».

Айгүл бул окуядан кийин албетте, ал бала менен байланышты үзгөн. Бирок башка жигиттер менен мамиле кура албай калган. Азыр Айгүлдө эркектерге болгон чоң фобия бар.

  “Эркек балдардын жанына жолой албайм”

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

«Бул окуядан кийин көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Ушунун бары канча бир секунддун ичинде эле болсо керек. Бирок азыр ойлоп көрсөм ошол секунд аралыктагы эле убакыттын ичинде моралдык да, физикалык дагы жактан аябай чоң травма алыптырмын. Анткени ушул окуядан кийин менин эркектерге болгон мамилем 180 градуска өзгөрдү. Эркек балдардын жанына жолой албай калдым. Чоң фобия пайда болду. Кесиптеш, дос, жада калса тууган байке, инилерим менен аралыкты сактайм. Алар менен ачылып сүйлөшө албайм. Түнт адамга айландым. Ого бетер коркок да болуп кеттим. Караңгы кирсе жалгыз баспайм. Жумуштан кеч чыгып калган күндөр үйгө жеткичекти мага тозоко эле айланат. Ар кандай жаман ойлор келе берет. Артымдан басып келе жаткан киши, азыр келип зордуктап салчудай да сезиле берет. Ошондон кийин эч бир жигит менен мамиле курмак тургай, сүйлөшпөйм дагы».

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

Айгүлдүн башынан өткөн бул оор күндүн болгонуна көп убакыт өтсө дагы, Айгүл зордуктоо аракетине кабылганын эң жакын адамдарына да айтып, бөлүшкүсү келбейт. Себеби Айгүл жада калса жакын адамдары да аны түшүнбөйт деп эсептейт. 

“Анан эмнеге өзүң анын машинасына отурдуң!?”  деп мени айыпташарын билем” 

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

«Менин мүнөзүм өзгөрүп, түнт, коркок болуп калганымды үйдөгүлөр байкашкан. Бирок кызыгып, түпкү тамырын билгенге аракет кылышкан жок. Эсимде, бир күнү телевизордон мен курактагы кызды зордуктап салышыптыр деген жаңылыкты угуп калдык. Ошондо меникилер зордукталган кызды күнөөлөп сүйлөшүп киришкен. “Анан эмнеге өзү шыйпаңдап, караңгыда кафеге барат?!” деген сөздөрдү алардан уккандан кийин, өзүм баштан өткөргөн окуя жөнүндө эч кимге айтпоону чечкем. Азыр бардык туугандарым эле “Качан күйөөгө тийесиң?” деп сурай беришет. Бирок алар менин күйөөгө тиймек тургай, эркек балдар менен таанышып, мамиле куруу мен үчүн фобияга айланганын алар кайдан билип, түшүнсүн»

“Эркектер менен мамиле куруу мен үчүн фобия”. Зордуктоо аракетинен жабыркаган кыздын баяны (Фотобаян) 

Автор: Эркайым Асанканова

#ЖЕТИШЕТ! долбоору, “IDEA CA” коомдук уюмунун жардамы менен жана “Луч света” Регионалдык программа Инициативасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен “Луч света”  Регионалдык программа Инициативасынын  көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты