Эрдоган: Түркия палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши ыктымал экенин айтты. Муну менен ал Түркиянын Ливия жана Тоолуу Карабактагы аракеттерин эске салды.

Ошол эле учурда түрк лидери бул кандай жол менен ишке ашарын так айткан жок.

Эрдоган бул жөнүндө бийликтеги «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын Ризе шаарындагы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

«Израил Палестинада акылга сыйбас иштерди кылбашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Тоолуу Карабак менен Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой кыла алабыз, буга эч тоскоолдук жок» деди Эрдоган.

Reuters агенттиги жазгандай, 2020-жылы Анкара өз аскерлерин Ливиянын БУУ тарабынан таанылган Улуттук макулдашуу өкмөтүн колдоо үчүн жөнөткөн. Ал эми Түркия Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскерий операциясына тиешеси жок экенин билдирген. Ошол эле учурда былтыр түрк бийлиги жакын союздашын колдоо үчүн бардык ыкмаларды, анын ичинде аскерлерди даярдоо жана модернизациялоо боюнча жардамды колдоно турганын билдирген.

Газадагы согуштун башталышына «хамасчылардын» 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алышы түрткү болгон. Израил армиясы радикал топту жок кылуу максатында Газада аскердик операциясын баштаган. Тогуз айдан бери анклавда кеминде 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын аймактын саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты