Энергетикалык ичимдиктер ден-соолукка олуттуу коркунуч алып келеби? Текшеребиз

Гүлзада Абдрахман аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасына Бишкекте 16 жаштагы өспүрүмдүн энергетикалык суусундуктан улам жүрөк оорусуна кабылып, комага түшкөнү тууралуу жазды.

“Шаарда азыр дал ушул “Нитронун” жарнамасы көп. Акыркы күндөрү түрү дагы абдан көбөйдү. Кайрымдуулук фондунун жетекчиси Азамат Байматов агабыздын 16 жаштагы иниси энергетикалык суусундук ичип жүрөгү көтөрө албай 3 күндөн бери комада жатат экен. Бүгүн бир аз өзүнө келип, бирок акыл-эси да өзү да ордуна келбей жатат деди.

Айрым белдүү спортчуларыбыздын дагы энергетикалык суусундукту жарнамалаган сүрөттөрү илинип турганын көрдүм эле”, — деп жазды Гүлзада Абдрахман.

Энергетикалык ичимдиктер ден-соолукка олуттуу коркунуч алып келеби? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы энергетикалык суусундуктардын ден-соолукка чындап эле зыяндуу болуп-болбогонун текшерип көрдү.

Энергетикалык суусундуктар

Энергетикалык суусундуктар — адамдын жөндөмүн арттырып, сергектик тарттуулоочу ичимдик. Курамында  кант, кофеин, таурин, чөптөр жана витаминдерди камтыйт. Көбүнчө Америка Кошмо Штаттарында, Европа жана Азия өлкөлөрүндө өзгөчө өспүрүмдөр жана жаштар көбүрөөк керектешет. Маркетингдер жарнамаларда энергетикалык суусундуктарды сергектикти сактап, физикалык жана психикалык абалды жакшыртат деп эсептешет. Көбүнчө спортчулар физикалык чыңалуу үчүн ичишсе, студенттер сынак учурунда концентрацияны сактоо үчүн ичишет. 

Акыркы 10 жылда энергетикалык суусундуктардын бир нече түрлөрү чыкты. Рынокто атаандаштыкты жараткан түрдүү жарнамаларды көрүүгө болот.

Энергетикалык ичимдиктин курамы

Энергетикалык ичимдиктер ден-соолукка олуттуу коркунуч алып келеби? Текшеребиз

Энергетикалык ичимдиктердин  курамында  6 негизги элемент бар:

1. ААКG — жүрөктүн согуусун активдештирет жана кан айланууну жакшыртат;

2. Гуарана — Бразилиянын токоюнда өсүүчү табийгый кофеин;

3. B-Alanine гистидин — денени чыдамкай кылат;

4. L-Карнитин- май клеткаларынын энергияга айлануусун камсыздайт;

5. Таурин — энергетикалык процесстерди жакшыртат, мээге коргоочу таасирин тийгизет, денеге күч жана чыдамкайлык берет;

6. В1, В6 витаминдери — организмдин энергия алмашуу системасын жөнгө салат.

Энергетикалык ичимдиктердин (Nitro, Red Bull, Monstеr) курамы дээрлик окшош.

Энергетикалык ичимдиктер ден-соолукка олуттуу коркунуч алып келеби? Текшеребиз

Энергетикалык суусундуктардын таңгагында 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, нерв жана жүрөк оорулары менен ооругандарга ичүүгө болбойт.  Колдонуучулар бир суткада бир бөтөлкө гана ичүү керек деп жазылган. 

Американын Улуттук медициналык изилдөө борборунун (National Library of Medicine) маалыматына ылайык, энергетикалык суусундуктарды күнүнө 12-18 жаштагылар 100г, ал эми чоң адамдар 400г ичүүсү жетиштүү болуп саналат. Андан көп өлчөмдө колдонуу ар кандай коркунучтарга алып келет. Энергетикалык суусундуктар адатта 450-500 граммдык таңгакта болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, энергетикалык ичимдиктер адамдын жөндөмүн убактылуу арттырып, сергектик тарттуулаганына карабай аны ашыкча колдонуу организмге чоң коркунуч жаратат.

Энергетикалык суусундуктун курамы негизинен кофеин жана тауринден турат. Аны ашыкча колдонуу жүрөк аритмиясына жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, кофеинди ашыкча керектөө психикалык абалдын бузулушуна, зат алмашуунун начарлашына, бөйрөк ооруларына жана семирүүгө алып келет. Көп учурда керектөөчүлөр баш оору, ачуулануу, дем алуу жана талма ооруулары менен жабыркайт. Бул суусундуктардын кычкылдуулугунан тиш эмалынын эрозиясы пайда болушу мүмкүн.

Дүйнөлүк индустриянын статистикалык маалыматтарын чыгарган  “Enterprise Upps Today” медиасынын 10-апрелде жарыялаган  “Энергетикалык ичимдиктер статистикасы” (Energy Drink Statistics)  аттуу билдирүүсүнө ылайык, акыркы 3 айда дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөрдүн болжол менен 25%ы Red Bull же Monster сыяктуу энергетикалык суусундуктарды колдонушкан.

Дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөрдүн 52%ы жумасына 2-3 жолу же андан көп ичет.

Керектөөчүлөрдүн энергетикалык суусундуктарды сатып алуусуна таасир этүүчү факторлор —  28%ы кофеиндин көлөмүнө,  30%ы баасына жана 40%ы даамына жараша колдонушат.

Америка Кошмо Штаттарында 12 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн болжол менен 30%ы энергетикалык суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонушат.  

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эскертүүсүнө ылайык, эгер энергетикалык суусундуктар тууралуу жарнамалоо жана маркетинг тармагы өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп, жаштарга зыяндуулугу жөнүндө медициналык маалымат жеткирилбесе, анда калктын ден-соолугу тууралуу чоң көйгөй жаралат.  

Жыйынтык: Энергетикалык ичимдиктерди ашыкча өлчөмдө ичүү ден-соолукка олуттуу зыян келтирери чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты