Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлери тарабынан акча опузалоо фактысы аныкталды

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөндөгү аныкталган.  Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин болгон.

Аталган К.Б. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты