Эмгек министрлиги Орусиядан эки ымыркайды мекенине кайтарды

  • 2 недели мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Санкт-Петербург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган үч айлык жана эки айлык ымыркайларды мекенге кайтарды.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Балдарды кайтаруу иши Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда кароосуз калган жашы жете элек 38 кыргызстандык мекенине кайтарылды.

Бардык кайтарылган балдар үчүн Министрлик биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана балдарын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты