«Элге кылган эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”. Президент юристтерди куттуктады

  • 2 месяца мурун

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Сиздердин кесип адам тагдырына болгон чоң жоопкерчилик, ар-намыс, абийир-ариет менен тыгыз байланышкан.

Күнүмдүк ар бир чечимиңиздер – акыйкаттыктын, азаттыктын жана мыйзам алдындагы теңчиликтин кепилдиги болуп саналат. Мындан улам, коомдун жана ар бир жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, укуктук маданиятты жаратууга, кара кылды как жарган калыстык жана чынчылдык ынанымдарын бекем кармануу менен укуктук мамлекетти түптөөгө, демократиялык принциптерди калыптандырууга, аны андан ары өнүктүрүүгө дал ушул кесип ээлери олуттуу салым кошуп келатканын баса белгилейм” деп айтылат куттуктоодо.

“Мыйзамдуулукту туу тутуп, укук үстөмдүгүн бекем кармануу менен жалпы Кыргызстан элине кылган эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, демдүү күч-кубат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!” деди президент.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты