Элчи Текебаев Шлезвиг-Гольштейн аймагынын премьер-министри Даниел Гюнтер менен жолугушту

  • 2 недели мурун

20-сентябрда Германиянын Шлезвиг-Гольштейн аймагынын Киль шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Шлезвиг-Гольштейн федералдык аймагынын Премьер-министри Даниел Гюнтердин расмий жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.   

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Гамбург федералдык аймагындагы ардактуу консулу Карл Элердинг жана Шлезвиг-Гольштейн федералдык аймагындагы КР ардактуу консулу Кристоф Крошке катышты.

Анда Кыргыз Республикасы менен Шлезвиг-Гольштейн ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Шлезвиг-Гольштейндин ортосундагы гидроэнергетика, «жашыл» энергетика, айыл чарба, туризм тармактарында кызматташуу, ошондой эле Кыргызстандан Германияда квалификациялуу кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди.

Даниел Гюнтер Кыргызстандан Шлезвиг-Гольштейнде тийиштүү кесиптеги квалификациялуу кадрларды даярдоо, алардын келечекте Германияда жана Кыргызстанда иштеши үчүн кызматташуу зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан менен Шлезвиг-Гольштейндин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Шлезвиг-Гольштейн — Германиянын 16 федералдык аймагынын бири, Германиянын түндүгүндө Түндүк жана Балтика деңиздеринин ортосунда жайгашкан. ИДП 118,68 млрд. евро (2023-ж). Деңиз соодасы маанилүү. Любек порту — Шлезвиг-Гольштейндеги эң жогорку өткөрүмдүүлүккө ээ болгон порт.

Шлезвиг-Гольштейнге Германиянын бардык балык уулоо флотунун үчтөн экисине жакыны жана немис пароход компанияларынын төрттөн бирине жакыны, ошондой эле Германиянын кеме куруусунун жүгүртүүсүнүн 20% жакыны тийиштүү.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты