Элчи Эрбол Султанбаевдин апасы Гүлжан Кулукеева дүйнөдөн кайтты

  • 6 дней мурун

Беларустагы элчи Эрбол Султанбаевдин апасы, экономика илимдеринин кандидаты Гүлжан Кулукеева кечээ, 6-октябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гүлжан Кулукеева 1957-жылы 22-февралда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин, ошондой эле Ленинграддагы Вознесенский атындагы финансы-экономика институтунун аспирантурасын аяктаган. 1987-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.     

Гүлжан Кулукееа эмгек жолун билим берүү тармагына арнаган, Кыргыз мамлекеттик университетинде, андан кийин “Кыргыз-түрк” “Манас” университетинде эмгектенген. Экономика тармагында бир катар монографиялардын, сыйлыктардын ээси.  

Гүлжан Кулукеева төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Анын өмүрлүк жолдошу Абдыкадыр Султанбаев Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  уулу Эрбол Султанбаев Беларустагы элчи, Гүлнура, Айнура, Айганыш аттуу кыздарды тарбиялаган.

Тышкы иштер министрлиги элчи Эрбол Султанбаевге апасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Элчи Эрбол Султанбаевдин апасы Гүлжан Кулукеева дүйнөдөн кайтты

Гүлжан Кулукеева менен коштошуу бүгүн, 7-октябрда, саат 11 де Бишкек шаары, Темиров көчөсү, 19 дарегинде болот.      

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты