Эл аралык тоо веложарышы Бишкектен башталды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 17-августта, Silk Road Mountain Race 2024 эл аралык тоо веложарышы Бишкектен башталып, 31-августта Чолпон-Атадан аяктайт.

Бул тууралуу Министрлер кабинети сайтында маалымдады.

Эл аралык веломарафонго 35 өлкөдөн 170тен ашык адам катышууда.  Ал эми Кыргызстандан 15 катышуучу бар.

Веложарыш Бишкектен тартып, 1938 чакырымды, деңиз деңгээлинен 30 460 метр бийиктикте, Кегети, Соң-Көл, Казарман, Чатыр-Көл, Нарын, Барскоон, Кочкор, Чоң-Кемин аркылуу өтүп, Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталат.

“Ар бири жалгыз, чатыры, тамак-ашы менен жүрүшөт. Эки жумага уланат, 31-август Чолпон Атада салтанаттуу аяктайт. Бирок жеңүүчүлөр марага былтыр 3-4 күндө эле келишкен. Дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адам веложарышка күйөрман болушат. Табиятыбыздын эң кооз сүрөт, видеолору да жарыяланып турат. Биздин туризмдин эң сонун жарнамасы” деп жазды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты