Эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылткан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды тараткан А.П.И. аттуу КР жараны кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Таркатылып жаткан фото-видео материалдарда «Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу», “Халифатты орнотуу аркылуу  конституциялык түзүлүштү кулатуу» белгилери камтылгандыгы белгиленди. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында А.П.И. кылмыш- процессуалдык кодексинин  97-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө  абагына  киргизилди. 

УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты