Эл аралык издөөдө жүргөн адам Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган

  • 1 месяц мурун

Орусиянын 1967-жылы туулган Л.В. аттуу жараны Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда атайын органдар тарабынан кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул жаран 2022-жылдан бери Эл аралык кылмыш иликтөө полициясы (Интерпол) тарабынан издөөдө жүргөн.

«Ал Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан аталган өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 226.1-беренесинде (курал-жарактын контрабандасы, ошондой эле курал-жаракты же аскердик техниканы түзүүдө колдонулушу мүмкүн болгон чийки зат, материалдар, жабдуулар, технологиялар, илимий-техникалык маалымат) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн»-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты