Эл аралык баңги тобунун мүчөсү 15 кг баңгизат менен кармалды

Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, 21-июлда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет мамлекеттин жараны Д.М. кармалып, андан жалпы салмагы 15 кг 0,054 граммды түзгөн (базар баасы 6 млн 500 миң сом) 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынган.

 Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Д.М. баңгизат каражаттарын кийин сатуу максатында Өзбекстандын Фергана облусуна өткөрүп берүүнү өз мойнуна алган.

22-июлда шаардык соту тарабынан Д.М.ны тергөө аяктаганга чейин, б.а. 16-сентябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Тергөө улантылып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты