Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 7 кг ашык баңгизаты менен кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча  баңгизат каналын уюштурган жана Ош облус жашоочуларына баңги заттарын таратуу менен алектенген Ош облусунун айрым тургундарынан турган уюшкан кылмыштуу баңги тобун  аныктады.

Маалыматта айтылгандай, 1960-жылы туулган У.Д.У. аттуу кылмыштуу схеманын уюштуруучусу баңгизатын Ош облусуна жана Өзбекстанга сатуу максатында Тажикстандан алып келүү каналын түзгөндүгү аныкталган.

КР аймагына кирген баңгизаттар анын шериги, 1961-жылы туулган Ж.Х.Т. аттуу  (мурда баңгизатын сатуу үчүн соттолгон) жарандын үйүндө сакталып, ал Ош облусунун тургундарынын ичинен сатып алуучуларга же Өзбекстанга баңги затын ташып бара жаткан баңги жеткирүүчүлөргө берүү үчүн таразага тартуу жана таңгактоо менен алектенген.

 2024-жылдын 8-июлунда узакка созулган ыкчам комбинациянын натыйжасында У.Д.У. жана баңгизат каражаттарын сатып алуучу У.Б.Ч. кармалган, алар Өзбекстанга баңгизат өткөрүп берүүнү көздөшкөн.

Жеке тинтүү иштеринин жүрүшүндө У.Д.У. аттуу жарандан жалпы салмагы 250,77 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети, ал эми У.Б.Ч.дан жалпы салмагы 555,34 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети табылды.

Мындан тышкары, баңги каналынын уюштуруучусунун шериги жашынуучу жай катары колдонулган Ж.Х.Т. аттуу жарандын үйүндө да ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан 6 кг 905,47 грамм салмактагы 7 брикет кара куурай чайыры (гашиш) табылды.

КР жарандары У.Д.У., У.Б.Ч. жана Ж.Х.Т. сатуу максатында баңгизатын сактап жүргөндүгүн мойнуна алып, кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин жана 97-беренесинин негизинде кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмышка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

___

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты