Экс-депутат Строкова Мамлекетти тил комиссиясына бөлүнгөн каражаттарды текшерүү керектигин айтты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова өзүнүн сунушун айтты. «Мен кыргызстандыкмын, улутум боюнча орусмун. Орус тил аркылуу Кыргызстанга илим, маданият өнүккөн. Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын тил боюнча алгачкы мыйзамды иштеп чыгуусунан тарта иликтеп, текшерүү керек. Алар толук кандуу иш алып барбаганы үчүн жазага тартылууга тийиш. Себеби мамлекеттик тил боюнча мыйзамды аткарууга 2004-жылдан бери бюджеттен аябай көп каражат бөлүнүп жатат», — деди ал.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүнкү иш-чаранын катышуучусунун так бир беренеге дооматы жок экенин айтты.

Талкуу маалында УТРКнын журналисти Сонунбүбү Кадырова жалпыга маалымдоо каражаттарындагы мамлекеттик тил менен катар расмий тилдин колдонулушуна байланышкан маселеге токтолды. “Орус тилиндеги берүүлөр да улуттук нарк-насилди камтышы керек”, — деди Кадырова.

Ал эми журналист Куттумидин Базаркулов терминдерди которуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев баарын эле которуп, аша чаап кетүү туура эместигин айтып, түрдүү тармактардын адистери кирген комиссия терминдер боюнча иш алып барарын жана терминдердин сөздүгү түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова коомдук тамактануучу жайлардагы мамлекеттик тилдин колдонулушуна байланыштуу пикирин билдирип, көрнөк-жарнактардагы жазууларга да көңүл бурууга чакырды.

Андан тышкары, Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм кыргыз тили биримдиктин тили болуу менен бирге ар бир этникалык топтун тилинин өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керектигин айтып, бир катар сунуштары менен бөлүштү.

Жыйынтыгында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева айтылган бардык сунуш маанилүү экенин жүйө келтирип, мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо маалында эске алынарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты