Экс-депутат Салайдин Айдаров камалды

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды.  

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” Бишкектин Октябрь райондук соту 8-августта анын бөгөт чарасын карап, 4-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алганын билдирди.

Салайдин Айдаровго кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Салайдин Айдаров — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Бүгүн ушул эле берене менен ишкер Жалил Атамбаев кармалды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты