Экс-депутат, курулуш компаниясынын экс- башкы директору кармалды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына курулуш компаниясынын мурдагы ээси жана башкы директору Э.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен жарандар кайрылган. Ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары Бишкек шаардык ИИБ кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Э.Ж аттуу компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иши улантылып жатканы айтылды.

Ошондой эле курулуш компаниясынын директору Э.Ж. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты