Экс-депутат БШКнын мүчөсү болуп шайланды

  • 2 недели мурун

5-сентябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары жыйында колдоду.

19-августта Абдалиев Мейкинбек депутаттык мандатынан өз арызынын негизинде ажыратылган. Ал парламенттин VII чакырылышына «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган. VI чакырылышта Абдалиев «Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланган. Ал 2021-жылы да депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты