Экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн Ысык-Көлдөгү 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду

  • 2 месяца мурун

Экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн Ысык-Көлдөгү  12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу 30-июлдагы басма сөз жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды текшерүүдө аныкталгандай, жалпы 1127 эс алуу жайы аныкталып, алардын 165инин саркынды сууларды тазалоочу жайлары бар, 208 инин канализация тутуму борборлоштурулган же башка эс алуу жайлардыкына кошулган. Тазалоочу курулмасы жок 754 эс алуу жайына эскертүү берилди.   

Экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду. Алар — Семеновка айылындагы «Дальний кардон», Корумду айылындагы «Смена», Бостеридеги «Белек», «Золотые пески», «Взморье Сити», «Асыл-Таш», Кош-Көл айылындагы «Ой-Керемет», «Золотой Трэбас», Тору-Айгыр айылындагы «Улан», Чок-Тал айылындагы «Кооператор», Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата», Бактуу-Долоноту айылынын А.Чалжанов атындагы эс алуу жайлары

2023-жылы жайында Ысык-Көл облусуна 1,3 миллион конок келгени расмий кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты